1-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясий партиялардын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда төрайым кол санактын бүтүшү тууралуу айтып, техникалык мүчүлүштүктүн себебин түшүндүрдү.
Н. Шайлдабекованын айтымында шайлоо бюллетендерин кол менен саноонун жыйынтыгы бүттү. “ -Бирок бул жыйынтык жана округдардан алынган маалыматтар системага киргизилиши керек. Азыркы убакта толук системага киргизиле элек.”, - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 1-декабрда, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрүнө шайлоонун жыйынтыгында чыккан жагдайлар, кол санактын жүрүшү тууралуу түшүндүрмө берди.
Ушул эле учурда БШКнын имаратынын алдына парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына макул эмес болгон партиялардын 100гө жакын тарапташы чогулган.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен. Мунун айынан шайлоого катышкан партиялар арасында нааразылык пайда болгон.

- Категория
- Коттедж
Комментарии выключены