Жаңылыктар | 12.10.2021 | Кыргызстанда Министрлер кабинети алмашты

36 Просмотры
Издатель
"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы:

- Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кызматтан кетип, ордуна анын орун басары Акылбек Жапаров дайындалды. Башка бир катар министрлер да алмашты.

- Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендердин саны 230га чукулдады. Алардын ичинде абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды.

- Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн аскердик дараметин күчтөндүрөрүн айтып, аймакта кырдаалды курчутуп жатат деп Кошмо Штаттарын айыптады. Президент Жо Байдендин администрациясы Пхеньянга эч кандай кастык ниети жок экенин айтып келет.

#БүгүнАзаттыкта #жаңылыктар #Кыргызстан
_________________________________________
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​
https://www.instagram.com/azattykmedia/​
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​
https://www.facebook.com/azattyk​
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​
https://t.me/azattykrus
Категория
Стены
Комментарии выключены